Тазар жөнүндө

Tazar – Кыргызстанда калдыктарды башкаруу тармагында иш алып барган уюм. Биз, кайра иштетүүчүлөр менен кызматташабыз, шаар тургундарына жана компанияларга кайра иштетилүүчү материалдарды бөлүп чогултууга жардам беребиз жана эко-билим берүү аркылуу керектөө маданиятын өзгөртөбүз. Мунун баары Кыргызстандын полигондоруна түшкөн калдыктардын санын азайтуу үчүн керек.

 

Ошондой эле, Tazar - бул Tazar App мобилдик тиркеме түрүндөгү уникалдуу аянтча. Тиркемеде экинчилик сырьену кабыл алуу пункттарынын картасы берилген, ал эми колдонуучулар калдыктардын айрым категорияларын ташып кетүүгө билдирме калтыра алышат. Тиркеме туура бөлүп чогултууга, экинчилик сырьену тапшырууну системага салууга жана өндүрүлгөн калдыктардын көлөмүн азайтууга жардам берет.

 

Биз, калдыктар маселесине комплекстүү мамиле жасайбыз: жашоочулардын керектөө маданиятын өзгөртөбүз, мыкты иштелген бөлүп чогултуу инфраструктурасын түзүүгө көмөктөшөбүз, компаниялар менен кызматташабыз жана муниципалдык органдарга сунуштарды беребиз. Биздин маалыматтык материалдар тургундар үчүн да, бизнес үчүн да пайдалуу.

 

Ошондой эле, Tazar, Кыргызстан аймагындагы калдыктарды башкаруу тармагында изилдөөлөрдү жүргүзүп келет. Биздин максат - иштеп жаткан система адамдардын ден соолугуна, айлана-чөйрөгө жана экономикага кандай таасир этерин билүү.

Жердин экологиялык абалы ар бирибизден көз каранды жана аны өзгөртүү ар бирибиздин колубуздан келет деп ишенебиз. Адегенде, бөлүп чогултууну азыртадан баштоону сунуштайбыз!

 

Биздин Tazar тиркемебизди AppStore жана PlayMarket аркылуу жүктөп алыңыз.

 

TAZAR ФИЗИКАЛЫК ЖАНА ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТАР ҮЧҮН "ЭКО-ТУРУКТУУ" ЖОЛГО ТҮШҮҮГӨ ЖАРДАМ БЕРЕТ

 

1. Экинчилик сырье жана кийим-кечелерди Экомобиль менен чогултабыз

 

2. Кеңселерге жана үйлөргө бөлүп чогултуу системасын киргизебиз

 

3. Калдыктарды башкаруу боюнча тренингдерди, мастер-класстарды жана консультацияларды өткөрөбүз

 

4. Калдыктарды бөлүп чогултуу системасын сунуштайбыз (пакетке: түстүү коддору бар бактар, маалымат материалдары, 2-тренинг, экинчилик сырьену ташып кетүү кирет)

 

5. Натыйжалуу бөлүп чогултуу үчүн маалыматтык материалдарды иштеп чыгабыз

Пожертвовать

Мы будем рады небольшой, но ежемесячной помощи — это позволит нам увереннее чувствовать себя и надёжнее строить планы нашей работы.

Оплата
Размер пожертвования
Адрес электронной почты
Фамилия и Имя
Выберите способ оплаты